Атактуу спортчунун юбилейине карата Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Эмгек менен өткөн балалык. Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген. Бир жарым жашында атасы жол кырсыгынан каза таап, апасы беш бала менен жалгыз калган. Анын балалыгы уй саап, камыр жууруп, талаада иштеп, апасынын колуна кол, бутуна бут болуп жүрүп өткөн.
© Sputnik / Данияр Сандыбаев
Спортко 17 жашында келген. Болочоктогу чемпион мектепти аяктагандан кийин шаарда окуйм деген максаты деле болгон эмес. Бирок Каныбектин атасынын бир тууган иниси окууга шыктуу бүтүрүүчү шаарда билим алуусу керек экендигин жеңесине айтып көндүрүп, өспүрүмдү борбор калаага жөнөткөн. Осмоналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине өткөн. Студент кезинде оор атлетика менен машыккан өзү курактуу жигиттер менен бирге спорттук залга барып калат. Бою бир метр 48 сантиметр, салмагы 42 киллограм болгон жаш жигит 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп, машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинет. Машыктыруучу аны шакирти кылып алган.
© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева
СССРдин эки жолку чемпиону. Ошентип ал 17 жашынан баштап оор атлетика менен машыгып, 20 жашында Кыргыз ССРинин чемпиону болгонго жетишет. Айылдан келген чыйрак жигит жума сайын машыгууга келип жакшы жыйынтыктарды көргөзөт. Каныбек 1973-жылы Таганрог шаарында өткөн Бүткүл союздук студенттердин мелдешинде чемпион аталып, кийинки жылы спорт чебери болот. Андан соң СССРдин жаштар арасындагы мелдештерине катышып байгелүү кайтып, 5-курсунда Советтер Союзунун биринчилигин утуп алат. Эл аралык класстагы спорт чебери 25 жашында чоңдор арасында СССРдин чемпиону болот.
© Sputnik / Дмитрий Донской
/ Америкалыктар суктанган чемпион. Осмоналиев күжүрмөн эмгегинин, маңдай теринин аркасында спорттогу 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болот. СССРдин курама командасына кирген кыргыз 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадага жолдомо алып, ири державанын эң мыкты балбандарынын бирине айланган. Олимпиадада ал 52 киллограм салмактагылар арасында күч сынашып, алтын тагынган. Кыргызстандан барган спортчулар Олимпиадада беш алтын, эки күмүш, бир коло медалга татыган. Ал дүйнөнү багындырган жылдары Американын атынан мелдештерге катышууга чакыруу алган, бирок мекенин сүйгөн уул ага макул болгон эмес.
© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева
Чаалыкпаган устат, чоң ата. Бир топ эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү 30 жашында чоң спорттон кеткен. 1983-жылдан тарта азыркыга чейин машыктыруучулук менен алектенип, учурда ал борбор калаадагы спорттук мектептердин бирин жетектеп келет. Даңк медалынын жана I, III даражадагы Манас орденинин кавалери. Жубайы Медеркан экөө төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Алар учурда 20дан ашык неберенин чоң ата-чоң энеси, таята-таенеси болуп бактылуу өмүр сүрүшүүдө.
Тема боюнча: