БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте жаңы төрөлгөн чүрпөсүн таштанды челекке таштаган келин №1 тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, аны сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каты менен бошотуу чечимин Октябрь райондук соту кабыл алган.
"Сот мындай чечимди шектүүнүн ден соолугуна байланыштуу чыгарды. Учурда келин ооруканада", — деп айтылат маалыматта.
2023-жылдын 8-ноябрында борбор калаадагы таштанды челектин ичинен кызыл эт ымыркай табылган. Бала №1 төрөт үйүнө тапшырылып, медициналык кароодон өткөрүлгөн. Кийин анын энеси табылып, кармалган. Наристеге дарыгерлер президент Садыр Жапаровдун ысымын ыйгарышкан. Кийин бул ысым өзгөртүлгөнү айтылды. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги наристенин туугандарын издеп, кийин таенеси небересин алып кетүүгө даяр экени маалым болгон.