Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Алар жашыруун добуш берүү жүргүзүшкөн.
Ал эми мэриянын маалымат кызматы депутаттар мындай кадамын "токтомдор аткарылган жок" деп түшүндүргөнүн билдирди. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев аныгында токтомдор 95%га аткарылганы боюнча шаардык кеңешке маалымат берген. Ал эми мэрдин орун басары Замир Юсупов сессияда сөз сураганда уруксат берилген эмес.
Ош — республикалык маанидеги шаар. Жаңы мыйзамга ылайык, Кыргызстандагы шаарлардын мэрлерин президент дайындап, иштен алат.
Мэрия Эмилбек Абдыкадыровду алтын төш белги тагып узатты