Кыргызстандын ИИМ ардагерлери Москвага жумушчу сапар менен барды. Сүрөт

Быйыл августта Бишкекке Россиянын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын ардагерлеринин делегациясы келип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. ИИМдин ардагерлери Россияга жумушчу сапар менен барып келгенин аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

ИИМдин ардагерлери Россияга жумушчу сапар менен барып келгенин аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди

2 / 2

Жумушчу сапардын алкагында кыргызстандык ардагерлер Россиянын ИИМинин жетекчилери, полиция аймактык коомдук уюму менен жолугуп, ИИМ кызматкерлери, коомдук активисттер, жарандык жаштардын өкүлдөрү менен өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашкан

“Иш сапардын максаты - пенсионерлердин социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуусу, Кыргызстан менен Россиянын ведомстволук пенсионерлердин коомдук уюмдарынын ортосундагы өз ара байланышты түзүү болду”, — деп айтылат маалыматта.
Жумушчу сапардын алкагында кыргызстандык ардагерлер Россиянын ИИМинин жетекчилери, полиция аймактык коомдук уюму менен жолугуп, ИИМ кызматкерлери, коомдук активисттер, жарандык жаштардын өкүлдөрү менен өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Алар Москва Кремлинин аймагында жайгашкан Курал-жарак палатасына, Поклонная тоосундагы Жеңиш музейине, ИИМдин борбордук музейине барышкан. Воробьев тоосундагы кароо аянтчасына жана борбордун опера-балет театрында болушкан.
Ал эми быйыл жай айында Кыргызстанга Россиянын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын ардагерлеринин делегациясы келип кеткен.
КР менен РФтин акыйкатчылары кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Видео