Садыр Жапаров Эммануэль Макронго жолукту. Эмне тууралуу кеп болду

Жапаров франциялык ири компанияларга Кыргызстанда филиалдарын ачып иштешүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Франциянын өлкө башчылары Садыр Жапаров жана Эммануэль Макрон жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.
1 / 6

Кыргызстан менен Франциянын өлкө башчылары Садыр Жапаров жана Эммануэль Макрон жолугушту

2 / 6

Президенттер кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, анын ичинде транспорттук жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө алаканы бекемдөөнү талкуулашкан

3 / 6

Ошондой эле ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 42-сессиясында сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды тоо экосистемаларын сактоо үчүн өздөрүнүн конкреттүү милдеттенмелерин киргизүүгө чакырган

4 / 6

Мындан сырткары, Жапаров дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүндө операция жүргүзгөн ири мунай-газ компаниясынын өкүлү, Total Energies Renewables компаниясынын вице-президенти Фабьен Демоль менен жолугуп, Кыргызстанда компаниянын филиалын ачууну сунуштаган

5 / 6

Андан кийин президент эки өлкөнүн 50дөн ашык компаниясынын ишкерлери катышкан биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна барган

6 / 6

Жапаров EDF компаниясынын башкы директору Люк Ремонго компанияны Чаткал дарыясына биргелешип ГЭС курууну сунуштаган

Президенттер кыргыз-француз кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, анын ичинде транспорттук жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө алаканы бекемдөөнү талкуулашкан.
Макрон энергетика тармагында Франциянын "Электрисите де Франс" менен "Тоталь" компанияларынын Кыргызстанда иштөө ниеттери бар экенин белгилеген.
Жапаров Макронду Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырып, аны президент ыраазычылык менен кабыл алганы айтылды.
Президенттин сапары эки күнгө созулган. Алгач жубайы Айгүл Жапарова менен Елисей сарайында Эммануэль Макрондун кабыл алуусунда болгон.
Андан кийин ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле менен жолугушуп, Кыргызстандын мындай уюм менен иш жүргүзүүгө даяр экендигин билдирген. Ошондой эле ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 42-сессиясында сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды тоо экосистемаларын сактоо үчүн өздөрүнүн конкреттүү милдеттенмелерин киргизүүгө чакырган.
Мындан сырткары, Жапаров дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүндө операция жүргүзгөн ири мунай-газ компаниясынын өкүлү, Total Energies Renewables компаниясынын вице-президенти Фабьен Демоль менен жолугуп, Кыргызстанда компаниянын филиалын ачууну сунуштаган. Андан кийин президент эки өлкөнүн 50дөн ашык компаниясынын ишкерлери катышкан биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна барган. Жапаров EDF компаниясынын башкы директору Люк Ремонго компанияны Чаткал дарыясына биргелешип ГЭС курууну сунуштаган.
Андан ары Кыргызстандын өлкө башчысы Сауд Арабияга кеткен. Ал жактан Ислам Саммитине катышып, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоосу күтүлүп жатат.
Жапаров Парижде ЮНЕСКОнун сессиясында сүйлөп, Айтматовдун осуятын айтты