Радио

Күз мезгилинде психикалык жактан жабыркагандар эмне себептен көбөйөт?

Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова эмне үчүн күз мезгилинде психикалык жактан жабыркагандар көбөйөрүн түшүндүрүп берди.
Sputnik
Дүйнө жүзүндө 8 миллиард адамдын ичинен 1 миллиарды психикалык оорулар менен жабыркайт. Ал эми Кыргызстанда 2022-жылы психикалык жактан ооруган жалпы 51207 адам каттоого алынган. Бул тууралуу Алтынай Сыдыкбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, күзүндө психикалык жабыркоо аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болот.
"Күзүндө температуранын төмөндөшү, жаан-чачындын, окуу, жумуштагы жүктөмдүн көбөйүшү, күндүн кыскарышы сыяктуу олуттуу өзгөрүүлөр болот. Бул сезондук алмашуулар психикага жана дененин химиялык балансына, анын ичинде маанай жана эмоциялар үчүн жооптуу болгон серотонин сыяктуу нейротрансмиттердин деңгээлине таасир этет. Күндүзгү сааттын узактыгы азайганда уйку жана сергектик ритми бузулуп, ошону менен бирге организмде D витамининин деңгээли төмөндөйт. Бул учур эмоционалдык чыңалууга жана стресске алып келип, психикалык абалды оорлотот. Бул мезгилде адамдар дистресс, депрессия, невроз, психоз, тынчсыздануу, психикалык бузулуу менен жабыркайт", — деди Сыдыкбекова.
Ал сапаттуу уйку жана үзгүлтүксүз сейилдөө күзгү апатия, жаман маанай менен күрөшүүгө жардам берерин кошумчалады.