Жалал-Абадда таанышын 35 млн. сомго алдап кетти деген киши Өзбекстандан кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу аймактын ИИБ билдирди.
6-сентябрда милицияга кайрылган адам 2022-жылы июнь айында 35 жаштагы Р.С. аттуу таанышы андан 35 миллион 158 миң сомун алып бербей койгонун билдирген.
"Р.С. акчаны Россиядан жыгач алып келип берем деп алып, ушул күнгө чейин качып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон. Шектүү Өзбекстандан кармалып, Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Үй алчу адамды 29 миң долларга алдап кеткен деп 34 жаштагы аял кармалды