42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян

Бүгүн республиканы 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин сүрөттө калган ирмемдерин чогултту.
Sputnik
Турдакун Усубалиев Кочкор районунун Кочкор кыштагында жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыгып, 1941-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун аяктаган. Эмгек жолун Кочкордогу орто мектептен баштап, кийин партиянын Кочкор райкомунда, Кыргызстан Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин аппаратында иштеген. Согуш жылдары аны мамлекет фронтко жөнөтпөй койгондо Компартиянын Борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болуп, андан соң он жыл бою Москвада жооптуу кызматтарды аркалаган.
1961-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалганга чейин "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы, Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
Усубалиев республиканы 1985-жылга чейин башкарып, 25 жыл өлкөнүн башында туруп Москвадагы Хрущёв, Брежнев, Черненко, Андропов, Горбачев менен иштешкен. Ал жылдары Кыргыз ССРинде көптөгөн завод-фабрика, ГЭС, аэропорттор ишке кирип, бир топ маданий жайлар иштей баштаган.
КР Баатыры пенсияга чыккандан кийин Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп, 2015-жылы 6-сентябрда кайтыш болгон.
Тема боюнча:
Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр