Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: Россия Украинанын 24 учагын беш күндө атып түшүргөн техниканы колдонууда

Аскерлер Украинанын Куралдуу күчтөрү колдонгон M777 артиллериялык системаларынын талкаланышы тууралуу айтып беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын 24 учагын беш күн ичинде атып түшүргөн зениттик ракета комплекстерин пайдалана баштады. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу атайын аскердик операция аймагында "Восток" тобунун аскер кызматкерлери менен сүйлөшүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Коргоо министрлиги билдиргендей, Шойгу аскерлердин көңүлүн акыркы жумада атып түшүрүлгөн Киевдин аскердик учактарына бурган.
"24 учакты беш күндө жок кылган комплекстер пайда болду", — деген Шойгу.
Баарлашуу учурунда россиялык аскерлер Украинанын куралдуу күчтөрү колдонгон M777 артиллериялык системаларынын талкаланышы тууралуу айтып беришкен. Алар каршы тараптын артиллериясы көйгөй жаратканы менен тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Үч-төрт жума калды. Украина боюнча ЦРУнун мурдагы аналитигинин божомолу