Генетик: дүйнөдө 350 млн. адам сейрек кездешкен илдеттер менен жабыркайт

Генетиктин айтымында, тубаса оорулардын көбү бала кезде пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дүйнөдө 350 миллионго жакын адам сейрек кездешүүчү илдеттер менен жабыркайт. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык генетика боюнча штаттан тышкаркы адиси Сергей Куцев билдирди.
Ал орфандык ооруларды (жакшы изилдене элек, дарылоо методдору белгисиз) диагностикалоо жана дарылоо боюнча Евразиялык экинчи форумдун "Чек арасыз шериктештик" сессиясына катышты.
Куцевдин айтымында, тубаса илдеттердин көбү бала кезде байкалат. Бирок сейрек кездешкен жети миң илдеттин 350сүн дарылоо жолдору белгилүү.
"Бул бардык кесиптеги дарыгерлер үчүн чоң көйгөй. Эгер биз аутосомно-рецессивдүү (ата-эненин ар бири дефектиси бар гендин алып жүрүүчүсү, бирок алардын саламаттыгы жакшы) илдеттер тууралуу айта турган болсок, наристелердин өлүмүнүн 20 пайызы ушуга байланыштуу. Ал эми ооруканага түшкөндөрдү (балдар — ред.) карай турган болсок бейтаптардын 40 пайызы моногендүү (бир гендеги мутациядан улам пайда болгон тубаса патология) оорулар менен жабыркайт", — деди Куцев.
Бишкекте "Евразия кесипкөй мектеби" консорциуму жөнүндөгү келишимге кол коюлду