Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын сүйлөшүүсүндө көтөрүлгөн негизги маселелер

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар бир катар маселелерди талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын ортосунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты", — деп айтылат кабарда.
Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарын "2023-жылдын эң маанилүү окуясы" деп атап, эки өлкө башчыларынын күч-аракети менен эки тараптуу мамилелер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн белгилеген.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын ортосунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарын "2023-жылдын эң маанилүү окуясы" деп атап, эки өлкө башчыларынын күч-аракети менен эки тараптуу мамилелер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн белгилеген

Сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров токтолгон жана сунуштаган маселелер:
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү пунктуларынын толук кандуу иштеши эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатат;
"Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү пунктунун 5-чакырымындагы Нура айылына бара турган жана 7,5 чакырымындагы "Торугарт" постуна баруучу жолду жакшыртуу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү;
"Эркеч-Там" жана "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунктуларын 24/7 иштөө режимине өткөрүү;
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" жаңы өткөрүү пунктун ачуу;
Барскоон — Учтурфан — Аксу унаа жолун куруу боюнча тыгыз кызматташууга Кыргызстан даяр;
Эл аралык соода борборлорун ачуу аркылуу чек ара аймактарынын айланасында экономикалык өнүгүү алкагын түзүү;
Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктунда ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ачуу;
Кыска мөөнөттүү визасыз режимди киргизүү аркылуу эки өлкөнүн жарандары үчүн визаны либералдаштыруу.
Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Кыргызстан Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана болуп кала берерин белгилеп, эки тарапты кызыктырган долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө толук даяр экенин билдирди.
Ли Цян токтолгон маселелер:
Кытай Кыргызстандан кытай базарына органикалык таза продукцияны импорттоого кызыкдар;
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча биргелешкен аракеттер аяктады;
"Бедел" жаңы өткөрмө пунктун куруу долбоорун иш жүзүндө илгерилетип, "Эргеч-Там" жана "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунктуларынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу керек;
Кытай эки өлкөнүн студенттери үчүн маданий жана билим берүү программаларын, эки мамлекеттин элдерин жакындаштырууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр;
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюшкан. Ошондой эле каржы моделин макулдашуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келди. Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.
Кыргызстан Кытайга балдын экспортун 47 эсеге көбөйттү