БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиялык аскерлер Запорожье облусунда Германия Украина Куралдуу күчтөрүнө берген Leopard 2A6 танкаларын кантип жок кылып жатканын көрсөттү. Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
РФ армиясы FPV-дрон-камикадзелерди колдонгон. Видеодон талаада улам от бүркүп келе жаткан танканы көрүүгө болот. Кайсы бир аралыкка жеткенде дрон учурулуп, соккусунан кийин техника өрттөнө баштаган да токтоп калган.
FPV пилотсуз учуучу аппараты ок-дары алып жүрүүчү атайын каражаттар менен жабдылган, байланыш каналдары корголуп, каршы тараптын радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын таасирине туруктуу келет.
Rheinmetall концерни чыгарган Leopard танктары Украинага ушул жылдан тарта бериле баштаган. Бирок ал Киевдин үмүтүн актап, атайын операцияны үзгүлтүккө учурата алган жок. Расмий украиналык маалыматтар боюнча, июндан бери убада кылынган танкалардын жалпы санынан он пайыздан ашууну талкаланган. Реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн. Жыл аягына чейин Киевге 71 машина берилиши керек. Азырынча Украина Куралдуу күчтөрү талкаланган танктарды эсепке алганда 54 бирдик алышкан.