БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Sputnik Ближнее зарубежье" дирекция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Елена Загородняя кликбейттик аталыштарды эч качан колдонбоого чакырды.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда журналисттер менен студенттер үчүн мастер-класс өттү.
"Кликбейт — бул материалдагы эң жаман нерсе. Көпчүлүк учурда мындай темалар окурмандарды адаштырат", — деди Загородняя.
Ал Бишкектин студенттерине, жергиликтүү ЖМКлар менен иш-чарага онлайн катышкан Sputnik Казакстандын журналисттерине окурмандардын көңүлүн буруу үчүн башка ыкмаларды колдонууга үндөдү.
"Окурман материалдын аталышынан кийин анонстук блокко көңүлүн бурат. Андан ары текстти окуу учурунда мазмун аталыш менен дал келбей калса алданып калганын сезип нааразы болот", — деди Загородняя.
Ал жаңылыктын ар бир бөлүгүнө көңүл бурду. Адистин айтымында, жакшы лидде аталыш кайталанбайт жана жаңылыктын баары ошол жерде камтылбайт. Ошондой эле контекст менен бэкграундду айырмалай билүү керек. Контекстте бул жаңылык эмне үчүн маанилүү экени, бэкграундда окуянын чоо-жайы баяндалат.
"Текстти редакторлорго бергенге чейин узак, маанисиз сөздөрдү алып салыш керек. Татаал темаларды, мисалы, экономика жана ЕАЭБ жөнүндө жеңил жазуу керек. Бул үчүн визуалдуу маалымат (инфографика) жардам берет", — Загородняя.
Елена Загородняя 1991-жылдан бери журналистика тармагында эмгектенип келет. Буга чейин "КоммерсантЪ", "Ведомости", "Известия" сыяктуу бир катар ЖМКларда иштеген. Бизнес, макроэкономика жана мамлекеттик башкаруу темалары боюнча адистешкен.