БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине которот. Мындай чечимди эл өкүлдөрү бүгүн жалпы добуш берүү менен кабыл алышты.
Андан соң вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев жардамды Палестинага жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар-жогун ТИМден тактап коюу керектигин айтты.
Аталган сунушту кечээ депутат Жаныбек Кыдыкбаев көтөрүп, согуштан жабыркагандарга кол сунууга чакырган. Ал эми Жалолидин Нурбаев Палестинага материалдык колдоо көрсөтүүнү каалаган кыргызстандыктар көп экенин билдирип, ТИМге атайын эсеп ачууну демилгелеген.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал
7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Эки тараптан тең каза болгондордун саны миңден ашып, бир нече миңи жаракат алды.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.