Израилдеги үч кыргызстандык чыгарып кетүүнү өтүнүп ТИМге кайрылды

Учурда аскердик кагылышуу болуп жаткан өлкөдө 65 мекендеш бар экени аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Израилде калган үч кыргызстандык өлкөдөн чыгарып кетүүнү суранып элчиликке кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Саат 20.00гө карата алынган маалымат боюнча, аскердик кагылышуу болуп жаткан өлкөдө 65 мекендеш бар экени аныкталган. Израилди кошуп караган Түркиядагы элчилик жарандардын абалын сурап, чыгып кетүү ниети бар-жогун билүү үчүн баарына телефон чалып жатканы айтылды.
“Жабыркаган Кыргызстандын жарандары жок. Үчөө Израилден кетүү ниетин билдирди. Учурда аларды алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат. Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Анкарадагы элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарын улантууда”, — деп айтылат маалыматта.
Элчилик Израилде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуз жайларда болууну жана аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону эскертти.
Зарыл болгон учурда +90 5456896800 (элчиликтин номери), +972 533214916 (Израилдеги Ардактуу консулдук) номерлерге кайрылуу сунушталат.
Мындан сырткары, ТИМ чет өлкөлөрдө жүргөн бардык жарандарды консулдук каттоого турууну эскертти. Аралыктан катталса да болот.
ХАМАС Газа секторун таштап кетпей турганын билдирди