БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу бизнесмен, ишкерлерге кайрылып, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө акча берүүнү токтотууга чакырды.
"Бизнесмен, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторан, базар ээлери, базарларда отурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. Кимде-ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алгандары аныкталып жатат. Буга чейин алардан жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла", — деген Ташиев.
Ал криминалык чөйрөгө акча бергендерди да, коркутуп акча алгандарды да жазалай турганын эскертип, Кыргызстанда "кримкасса" деген болбой турганын айткан.