Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр

Мындан 50 жыл мурун КР эл артисти, белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров "Көчө" тасмасын көрүүчүлөргө тартуулаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган фильмдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде 1972-жылы кинорежиссёр Геннадий Базаров "Көчө" тасмасын камерага түшүрүп, ага Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеген артисттер: Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева ж.б. катышкан.
Ал эми Марлес Туратбеков оператору, Төлөгөн Сыдыков экинчи режиссеру болуп, тасма Ош облусунда эки-үч айда тартылып бүткөн.
Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушу, кылык-жоруктары баяндалган кинокартина кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталган.
1 / 14

Башкы каармандын ролун аткарган Чоро Думанаевдин тушоосу "Көчө" фильминде кесилген

2 / 14

Кино менен театрдын залкарлары. Солдон оңду көздөй: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев, жаш актрисалар: Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана Насыр Кытаев.

3 / 14

Анда кинорежиссер Геннадий Базаров 30 жашта эле. Сүрөттө актерлор Насыр Кытаев жана Чоро Думанаев менен.

4 / 14

Элеттик кыз-келиндердин ролун аткарган сулуулар. Камеранын берки четинде отурган оператор Мурат Алиев, ортодо жаш актрисаларга баш-көз болгон кинорежиссёр Геннадий Базаров жана алардын артында турган КРдин эл артисти Чоро Думанаев. Ош облусунун Ноокат району, 1972-жыл.

5 / 14

Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Чыгармачыл инсандар элеттик жубайлардын ролун аткарган.

6 / 14

Жаңы көчүрүлгөн айылда жер бөлүшкөн айылдаштар

7 / 14

Тасманын басымдуу бөлүгү Ош облусунун Ноокат районунда тартылган

8 / 14

Иш маалындагы кызыктуу ирмем. Оңдо отурган Геннадий Базаров, ортодо сүрөтчү Сандро Макаров, четте экинчи режиссер Юрий Корякин.

9 / 14

Ортомойдун чарчап келген короозуна суу берген Бакен Кыдыкеева

10 / 14

Түтүктөр менен жамгыр жаадырып керектүү эпизодду тарткан киночулар

11 / 14

"Көчө" фильминде күлкүлүү эпизоддор арбын. Сүрөттө: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов жана Светлана Евдокимова.

12 / 14

Кинокартинаны тартуу иштери эки-үч айда эле соңуна чыккан. Сүрөттө: экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков, Сандро Макаров жана Геннадий Базаров.

13 / 14

Чыгармачыл топтун өзгөчө сүрөтү. Кинофильмдин прьемерасы 1973-жылы 8-октябрда Москва шаарында болгон.

14 / 14

Аталган эмгекти көрүүчүлөр жакшы кабыл алган

Тема боюнча:
"Кыргыз кереметин" жараткан бөбөктөр. Тасмадагы таланттардын сүрөтү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Даректүү тасмаларды мыкты тарткан. Режиссёр Лиля Турусбекованын сүрөттөрү