БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун "Бузулбас боордоштук — 2023" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, тажик контингентинин тынчтык орнотуучулары Кант шаарына учак менен келип, машыгуу өткөрүлө турган Балыкчы шаарына жөө жүрүш жасашты.
Машыгуунун жетекчилиги 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында аларды салтанаттуу тосуп алды.
Эске салсак, 9-13-октябрь аралыгында Кыргызстандын аймагында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында ЖККУга мүчө Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тынчтык сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен "Бузулбас боордоштук — 2023" машыгуусу өтөт.
Планга ылайык, аскердик контингенттердин машыгуу өтүүчү аймакка келиши 6-октябрда жыйынтыкталат.