БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ош шаарында лифт аварияга учурап ичиндеги адам көз жумганын Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык жаңы эле курулуп бүткөн көп кабаттуу үйдө болгон.
"Көп кабаттуу үйдүн лифти ылдый катуу түшүп, ичинде бир адам калып калган. Кырсык болгон жерге милиция барып, лифттин ичинен эркек кишинин сөөгүн тапты. Тергөөнүн жүрүшүндө анын Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну экени аныкталган. Көз жумган киши ошол үйдү курган компания менен келишимдик негизде эки айдан бери лифт оңдоп иштеп жүргөн. Маркумдун артында үч баласы калды", — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.