БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы жыл соңуна чейин бир катар көчөдө автобус линиялары (сары тилке) пайда болорун айтып, аларды тизмектеди.
Сары тилке түшө турчу көчөлөр:
Байтик баатыр — Абдрахманов көчөсүнүн Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейинки бөлүгү;
Жибек Жолу проспектиси — Лермонтовдон Фучикке чейинки бөлүгү;
Манас проспектиси — Жибек Жолунан Ахунбаевге чейинки бөлүгү;
Ахунбаев көчөсү — Садырбаевден Байтик баатырга чейинки бөлүгү;
Дэн Сяопин проспектиси — Фучиктен Алыкуловго чейинки бөлүгү;
Чүй проспектиси — 7-апрелден Фучикке чейинки бөлүгү;
7-апрель көчөсү — Жибек Жолунан Анкарага чейинки бөлүгү.
Автобустар үчүн тилке буга чейин Түштүк магистралдын Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик баатырга чейинки жерине чийилген. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ордо калаада 1000ден ашык автобус жүрмөкчү.