ТИМ башчысы: Кыргызстан ЖККУ алкагында пайдалуу кызматташууга кызыкдар

Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушканын ТИМ кабарлады.
Тараптар уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алышкан.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту
Жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы 2023-жылдын IV кварталында Минск шаарында өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңеши, Коргоо министрлер кеңеши жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде министр Кыргызстан ЖККУнун алкагында натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин айткан.
ЖККУ башкы катчысынын орун басары уюмдун окуу-машыгууларына мыкты баа берди