БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бүгүн таңда Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттөн сегиз жаштагы бала каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматта аталган там Кайназарова көчөсүндө жайгашканы айтылат. Өрт өчүрүүгө эки бригада тартылып, саат 06.10до чектөөгө алынган. Төрт сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.
ЖМКлардын жазганына караганда, үйдү төрт балалуу бүлө ижарага алып баш калкалап келген. Өрт чыкканда үй ээси ойгонуп, үч баласын алып чыгууга жетишип, төртүнчүсүнө үлгүрбөй калган.