Автобустун тилкесине кирип алгандар 2-сентябрдан тарта айыпка жыгылат

Троллейбус, автобус жүрүүчү тилекеге кирип кеткен айдоочуларга бүгүнчө эскертүү берип турушарын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкектин кайгуул милициясы 2-сентябрдан тарта коомдук транспорттун тилкеси менен айдагандарды айыпка жыгат. Бул туурасында Жол милициясынан кабарлашты.
Айыптын суммасы 1000 сом, эгерде бир айдын ичинде төлөнсө, 70 пайыз жеңилдик (300 сом) каралат. Аны Эреже бузуулар кодексиндеги 188-берене ("Айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин бузуусу") менен аныкташат.
Кайгуул милициясынан бүгүнчө троллейбус, автобус жүрүүчү тилекеге кирип кеткен айдоочуларга эскертүү берип турушарын айтышты.
Мэрия буга чейин Бишкектин жолдорунда коомдук транспорт: автобус, троллейбус жана маршрутка жүрө турган атайын тилке бөлүү демилгесин көтөргөн.
Бул боюнча биринчиси Түштүк магистралдын 12-кичи райондон тарта Абдрахманов көчөсүнө чейинки жери болду. Мэрия өкүлү экинчи этап менен Байтик баатыр көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки аймак жасаларын, кийинки кезек Жибек Жолунда экенин, андан соң Профсоюз көчөсүнө, аны бүтүп Чүй проспектине салышарын билдирди.
Бишкекте коомдук транспорт тилкесине кызматтык унааларды да киргизүү каралууда