Токаев: Кыргызстан менен ынак коңшулукту тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда

Казак президенти Жапаровго Кыргызстандын гүлдөп-өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Токаев Кыргызстан масштабдуу саясий реформаларды жана социалдык-экономикалык кайра курууларды пландык негизде ишке ашыруу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө, жарандардын бакубаттуулугун камсыздоо жана эларалык кадыр-баркын жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.
“Казакстанда азыркы Кыргызстандын ийгиликтери зоршыктануу менен кабыл алынып, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өзара колдоонун нугунда көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн бекемделерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.
Казак президенти Жапаровго Кыргызстандын гүлдөп-өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаган.
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады