Бишкекке РФ ИИМинин ардагерлер делегациясы келди

Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Россиянын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын ардагерлеринин делегациясы келди.
13 адамдан турган топту РФтин ички иштер министринин мурдагы орун басары Петр Нелезин жетектөөдө. Алар кыргыз милициясынын ардагерлери менен жолукту.
1 / 3

2 / 3

Сапардын максаты — укуктук тартипти бекемдөө, коомдук коопсуздукту камсыздоо, эки өлкөнүн министрликтеринин ардагерлер кеңешинин кызматташуусу менен достугун бекемдөө.

3 / 3

Делегация мемориалдык тактага гүл коюп, кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин эскеришти. Ардагерлер ИИМдин имараты менен музейин да көрүштү.

Алар Кыргызстанда 2-сентябрга чейин болушат.
Кыргызстанга россиялык делегация келип, ири объектилерди кыдырууда