БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Таңкы төрттөр чамасында 102 кызматына Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр ок чыгарып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча кабарды Биринчи май райондук милициясы билдирди.
Бейбаштарга милициянын келгени боюнча видео социалдык тармактарга тараган.
Тартип сакчылардын тергөөгө чейинки иликтөөнү баштагандыгы кабарланды.
"Милиция аталган жерге келгенде ок атылган факт аныкталды. Милицияга 28 жаштагы А.Р. жана С.А., 35 жаштагы Т.Ф., 40 жаштагы И.А., 38 жаштагы А.А. жеткирилген", — деп айтылган маалыматта.
Болгон окуяга юридикалык баа берүү жана ага катышкандарды тактоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.