Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР Украинанын контрчабуулу эмнеден улам жайлап калганын түшүндүрдү

Кагылышуу жүрүп жаткан жерде "азырынча кандайдыр бир жандануу байкала электиги" айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Украинанын контрчабуулу ири жоготуулардан улам жайлап калды. Бул тууралуу ДЭР башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Ян Гагин РИА Новости агенттигине айтып берген.
"Жалпы жонунан алганда кагылышуу жүрүп жатат, каршы тарап сооттолгон техника коштогон чакан топ менен чабуул коюуну улантууда. Бирок азыркы тапта контрчабуул мурункуга караганда кыйла жай. Буга Украинанын адамдардын саны боюнча да, техника жаатында да ири жоготууга дуушар болгону себеп болушу толук ыктымал", — деди Гагин.
Ал кагылышуу жүрүп жаткан жерде "азырынча кандайдыр бир жандануу байкала электигин" белгилеген.
Кечээ РФ Коргоо министрлиги украин күчтөрү ийгиликсиз чабуулдан улам Донецк багытында бир сутка ичинде эле 300 аскер кызматкеринен ажыраганын кабарлаган. Ведомствонун маалыматы боюнча, Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донецкинин түштүгүндө, Запорожье, Купянск багытындагы чабуулдары да пайда алып келген эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жыгылган күрөшкө тойбойт... Украинанын "контрчабуулунун" экинчи баскычы