Стрельнада Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү башталды

Россия менен Беларусь лидерлери Владимир Путин жана Александр Лукашенко
Путин менен Лукашенко соңку ирет 9-июнь күнү Сочиде жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Стрельнадагы Константиновский сарайында (РФтин Ленинград облусу) Россия менен Беларусь лидерлеринин сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен өзүмдүн айрым пландарымды өзгөрттүм, 1,5-2 күн өткөрсөк (сүйлөшүүлөрдү – ред.) болот", — деди Владимир Путин сүйлөшүүнү баштап жатып.
Өлкө башчылары Россия-Беларусь мамилелерин өнүктүрүү, стратегиялык өнөктөштүк жана Союздаш мамлекет катары интеграциялык өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашат.
Путин менен Лукашенко соңку ирет 9-июнь күнү Сочиде жолугушкан. Саммит формалдуу эмес абалда россиялык президенттин Бочаров Ручей резиденциясында өткөн.
Польша жана Украина желектери. Архивдик сүрөт
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ лидери Польша Украинадагы жаңжалга кийлигишүүнү каалап жатканын айтты