Радио

Алмазбекова: Кыргызстанда кыздар футболу колдоого муктаж

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү, фристайлер Толгонай Алмазбекова футболго кызыккан кыздардын саны өскөнү менен зарыл болгон шарттар жок экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда кыздар футболу мамлекеттин жана ишкерлердин колдоосуна муктаж. Бул тууралуу Толгонай Алмазбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыздардан түзүлгөн командалардын аздыгынан атаандаштык күчтүү болбой жатат.
"Бизде таланттуу кыздар көп. Акыркы учурларда футболго кызыккан кыздар көбөйүп жатат. Бирок шарттын түзүлбөгөнүнө байланыштуу жылыш абдан жай. Кыргызстанда кыз-келиндер футболу мамлекеттин жана ишкерлердин колдоосуна муктаж. Эл аралык ири көрсөткүчтөр жаралбай, кызыгуу, мотивация чоң болбой жатат. Мен футболдон тышкары фристайл менен машыгып, жылдан-жылга чеберчилигимди арттырып келем. Буга чейин дүйнө чемпионатына катышып, байгелүү орунга ээ болгом. Кийинки күндөрү кыздар да фристайлга кызыгууда", — деди Алмазбекова.
Ошондой эле футболчу окуу-машыгуу жыйындарынын сапаты жакшырып, алардын саны көбөйсө жыйынтык болорун кошумчалады.