БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Балтика боюндагы өлкөлөрдүн парламенттери 1940-жылы Латвия, Литва жана Эстон ССРин түзүүнү жарыя кылышкан.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы бул үч республиканын кош стандарттары тууралуу баяндап, ага архивдик видеону тиркеди.
Союздук бул үч республика 1991-жылга чейин СССРдин курамында турган. Балтика боюндагы өлкөлөр көз карандылыкты алгандан кийин демографиялык аңга түртүлүп баштады. 32 жыл ичинде орто эсеп менен алганда, калкынын чейрек бөлүгүн жоготту. Бул тенденция дагы деле уланууда.
Анткен менен алар "советтик баскынчылардан" өнүккөн өнөр жай, энергетиканы, сапаттуу жолдордун тармагын жана деңиз портторун мураска алып калышты. Бирок бүгүн ошол мезгилдин элесин берген эстеликтерден, советтик символдордон, көчөлөрдүн аталыштарынан арылууга абдан аракет кылып жаткан чактары.