Куткаруучунун айтымында, сууга чөгүп жаткан адам адаттагыдан эки-үч эсе күчтүү болот. Эгер куткаруучунун колун кармап алса, бошотуу аябай кыйын. Андыктан атайын шаймандарды колдонуп тартып чыгуу зарыл.
Куткарууга бараткан адам жакын калганда суунун астына чумкуп артына өтүп, бир колу менен колтугунан өткөрүп ээгинен кармап, чалкалатып тартып чыгышы керек. Мойнуңузга асылып же белиңизден кучактап алышы мүмкүн, ошол учурда манжасынан кармап артка кайрып, чыканагын өйдө көтөрүп, ээгинен кармап түртүп бошонуп, суунун астына кириши абзел. Себеби чөгүп бараткан адам эч качан сууга ылдый түшпөйт, өйдө чыкканга жанталашат. Ошондой эле куткаруучу жабырлануучу менен тынымсыз сүйлөшүп турушу зарыл. Мисалы, "мен сага жардамга келдим, азыр куткарам" деген сыяктуу сөздөр айтылышы керек.
Аны менен бирге эле ӨКМ сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Тема боюнча: