Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШнын абройлуу басылмасы Жо Байденди сынга алды

Журналист АКШ президентине 113 миллиард долларды Украина үчүн техникаларга жумшоого уруксат бергенине нааразы болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Украинага техникалар менен аскерлерди жөнөтүү менен Конституцияны бузду. Бул тууралуу Washington Times басылмасынын баяндамачы Эндрю Наполитано макаласында жазды.
"Биз Конституцияны көз жаздымда калтырган абийирсиз, коррупциялашкан саясатчылардын колуна өткөрүп бердик. Натыйжада бейкүнөө адамдар өлдү. Конституцияга ылайык, Россияга согуш жарыялоого эч кандай негиз жок болчу", —деди ал.
Журналист АКШнын мыйзам чыгаруучу органы президентке 113 миллиард доллар берүүгө жана аны Украина үчүн алына турган техникаларга жумшоого уруксат эткенин кошумчалады.
Байден Кытайдын "эбегейсиз көйгөйлөрү" тууралуу кеп кылды