БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. "Автомобильный" бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча өндүргөн туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруп келген деп шектелип Бажы кызматынын улук инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
"Улук инспектор, майор Ж. у. М. мыйзамсыз баюу максатында бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
Ага чейин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча иш козголгон.