Чуваш Республикасында жыл сайын өткөрүлүп келчү XVI Чебоксары эл аралык кинофестивалына Кыргызстандын атынан калыстар тобуна мүчө болуп катыштым. Бул тууралуу Ширин Костюк Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган фестивалга Россиянын 21 субъектисинен жана 13 чет мамлекеттен киносынчылар келген.
"Чуваш эли Чебоксары шаарын фестивалдар калаасына айландырыптыр. Жыл сайын өтүп келген эл аралык кинофестивалдын бул жолкусунда даректүү тасмалар багыты боюнча калыстар тобунун курамына чакырышты. Фестивалга дүйнөгө аты чыккан кинорежиссёрлор, актёр, актрисалар, продюсерлер келишти. Сынак чындыгында таза жана акыйкат өттү. Студенттер тарткан фильмдер байге уткан учурлар болду. Конкурстар үч багытта жүрдү: көркөм тасма, этникалык жана регионалдык кинолор, ошондой эле даректүү тасмалар. Кыргызстандан жалпы эки фильм катышса, анын бири документалдык багыт боюнча ат салышты. Даректүү фильмдерде "Мыкты фильм" номинациясын Иркутскиден келген режиссёр Павел Скоробогатовдун "Живут же люди" тасмасы утуп алса, чуваш режиссёру Елена Еделееванын "Мальчик из Шоршел" фильми калыстардын атайын дипломуна ээ болду. Аталган тасма учкуч, Советтер Союзунун Баатыры Андриян Николаевдин жаркын элесине арналып тартылыптыр. Кызыгы, атактуу учкуч Токмоктогу авиа окуу жайын бүткөн экен", — деди Костюк.
Ал фестивалдын алкагында тегерек столдор, пресс-конференциялар, мастер-класстар, жалпысынан 100дөн ашуун түрдүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн кошумчалады.