Мэрия: 14-июнда Бишкектин чыгыш бөлүгүндө бир күн бою суу болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы 14-июнда борбор калаанын чыгыш бөлүгүндө бир күн бою суу болбой тургандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берүү токтотулат. Бул учурда "Сельский" суу кампасында профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
Мындай чектөө Тунгуч кичи районунда, Рухий-Мурас жана 44Га жаңы конуштарында болот. Калаа мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сураган.
Вице-мэр бир жылда Бишкекте суу көйгөйү жоюларын айтты, бирок бир шарты бар