БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Марттан бери май айынын соңуна чейин өлкө боюнча спирт ичимдигин ичип рулга отурган 1 200 киши автоунаа айдоо укугунан ажыратылганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
ЖКККББ үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тарта мас болуп автоунаа айдаган айдоочулардын 17 000 сомдук айып жазасы күчөтүлүп, бир жылга айдоо укугунан ажыратуу эрежеси иштей баштаганын эскертти.
"Бул убакыт аралыгында өлкө аймагынан алкоголдук ичимдик ичип машина айдаган 1 770 адам аныкталган. Анын 1200ү соттун чечими менен айдоо укугунан ажыратылды. Калганы соттун кароосунда турат. Мындан тышкары, 100 айдоочу соттун чечими менен үч күнгө камакка алынган", — деп айтылат маалыматта.
Башкармалык жаза катуулагандан бери жол эрежесин бузуу кыйла кыскарганын, мас болуп унаа айдаган учур 46 пайызга азайганын белгиледи.
Кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча, жол эрежесин бузгандарга жаза төмөнкүдөй:
ичимдик ичип автоунаа айдагандарга айып салынбайт, анын ордуна айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Алгачкы ирет кармалганда бир жылга, дагы кайталанса үч жылга автокөлүк айдоого тыюу салынат. Мурунку кодексте мындай норма жок болчу;
белгиленген ылдамдык нормадан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса 7 500 сом (5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (7 500 сом) айып пул салынат. Мисалы, айыл жергесинде белгиленген норма саатына 60 чакырым болуп, 100 менен айдаса, 120дан ашырса жогорудагы айыпка илинет;
каршы тилке менен айдоого 15 миң сом айып (5 500 сом);
эгер жол эрежесин кайталап бузса кайра экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн кайталап алууга жөнөтүлөт;
автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (7 500 сом);
салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат;
автоунаасына этикага туура келбеген, мыйзамыз аракеттерге чакырган адаттан тыш жазууларды, сүрөттөрдү жабыштырып алса 5 500 сом айып салынат.