Телефону тыңшалып жатканын ээси өз алдынча аныктай алабы? Адистин түшүндүрмөсү

Адис учурдагы заманда тыңшоолорду атайын аппаратсыз, өз алдынча аныктоо боюнча айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Телефондук сүйлөшүү учурундагы тоскоолдуктар жана чоочун, шектүү үндөрдөн улам аппарат тыңшалып жатат деген ой — жаңылыштык. Бул тууралуу Прайм агенттиги Алексей Лукацкийге шилтеме берүү менен жазды.
"Телефон менен сүйлөшүп жаткан маалда жакшы угулбай же кандайдыр бир чоочун добуштар кошо чыкканы тыңшоо болуп жатканынын кабар бербейт. Минтип ойлоо жаңылыштык. Ал жөн айтылып келе жаткан сөз", — деген адис.
Алексей Лукацкий сүйлөшүү учурундагы тоскоолдуктар жана даана угулбай калуу, түшүнүксүз шыбырт же уюлдук оператордогу мүчүлүштүктөрдөн же туташуудагы көйгөйлөрдөн кабар берерин түшүндүрдү.
"Бүгүнкү күндө байланыш же коопсуздук боюнча адис эмес адамдын телефону тыңшоодо экенин өз алдынча эле аныктап алуусу мүмкүн эмес", — деген Лукацкий.
Бул жаатта атайын билими жок адамдар үчүн тыңшоону аныктоого мүмкүндүк берген атайын программаны колдонуу сунушталды.
Телефон колунан түшпөгөн киши кандай зыян тартат? Адистин пикири