БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын ири инвестициялык компанияларынын бири "Система" акционердик финансы корпорациясынын (АФК) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү жана ишкерлик жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Белгилей кетсек, "Система" АФКнын инвестициялык портфелине дүйнөлүк даражадагы эксперттер тарабынан жогору бааланган мейманкана бизнеси, кыймылсыз мүлк объектилери, чекене соода, электрондук коммерция, жогорку технологиялар сыяктуу бир катар тармактардын лидерлери кирет.
Корпорация 1993-жылы түптөлгөн, 30 жыл аралыгында туризм индустриясы тармагында бир катар уникалдуу долбоорлорду ишке ашырып, дүйнөлүк даражадагы эксперттердин жогорку баасын алган.