Көлдө 4-июнга чейин аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

Апта бою жер-жерлерде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги эмки жумада Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага караганда, 29-майдан 4-июнга чейин апта бою жер-жерлерде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Кээ бир күндөрү аба ырайы +25…+27 градуска жетет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми 29-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Жалал-Абадда күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата божомол