Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

29-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-Май. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +23...28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +27...+32, Ысык-Көл облусунда +18...+23, Нарын өрөөнүндө +16...+21 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +26...+28, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Жалал-Абадда күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата божомол