Путин Батыштын РФ менен кызматташкандарга бут тоскону тууралуу айтты

Өлкө башчы Россия бардык өлкөлөр менен болгон кызматташуусуна ар дайым жоопкерчиликтүү жана абийирдүү мамиле кыларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Батыш башка өлкөлөрдүн Россия менен болгон мамилесине тоскоолдук кылууга ар кандай жолдор менен аракет кылууда. Бул тууралуу Владимир Путин Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынындагы сөзүндө билдирди.
“Батыштык оппоненттерибиз ынандыруу, ар кандай убада, опуза аркылуу биздин көптөгөн өнөктөштөрүбүздү Россия менен кызматташтык мамилесин үзүүгө мажбурлап жатканы эч кимге жашыруун эмес. Ошол эле учурда бул көрүнүш тиешелүү мамлекеттерге жана алардын элине кандай жоготууларды алып келерине эч ким кызыккан жок”, — деди россиялык лидер.
Ал Москва кызматташууга ар дайым жоопкерчиликтүү жана абийирдүү мамиле кыларын белгиледи.
“Россия Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кабыл алынган келишимдерди толук жана өз убагында аткарып жатканын баса белгилеп кетким келет, дегеле жалпысынан биз бардык келишимдерибизди толук аткарып жатабыз”, — деди Путин.
Путин: Батыш экономикалык диктат менен өз тамырына балта чаап жатат