Путин: Батыш экономикалык диктат менен өз тамырына балта чаап жатат

РФ лидери өткөн жылы ЕАЭБ алкагында соода жүгүртүү 14 пайызга өскөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Батыш экономикалык диктат менен өз тамырына балта чаап жатат, системасы деградацияланууда. Бул тууралуу Москвада өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумда Россия президенти Владимир Путин билдирди.
“Дүйнөлүк аренада чындап эле терең, түп-тамырынан бери өзгөрүү болуп жатканын көрүп турабыз. Улуттук эгемендүүлүктү чыңдоого, ички жана тышкы саясатты көз карандысыз жүргүзүүгө багыт алган мамлекеттер көбөйүп, ар бири өз өнүгүү модели менен жашоодо. Бир полярдуулукту жактагандар өзүнүн тамырына балта чаап жатат”, — деди Путин.
Россия лидеринин жыйында айткан сөзүнүн урунттуу учурлары:
ЕАЭБдин жалпы ИДПсы өткөн жылда 1,6 пайызга төмөндөдү, бирок оппоненттердин биз үчүн болжолдогон “кыйратуучу” сценарийи эми ишке ашпайт;
2022-жылы ЕАЭБ алкагында соода жүгүртүү 14 пайызга өстү;
Түндүк — Түштүк коридорунун Решт-Астара темир жол участогун куруу Азербайжан менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда. Бул жол жылына 30 миллион тоннага чейин жүк ташууга мүмкүндүк берет.
Москвада Евразия экономикалык форуму башталды. Видео