БИШКЕК, 24-май — Sputnik. ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлоруна миллиарддаган рубль бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинин коллегия мүчөсү Артак Камалян билдирди.
© Фото / пресс-служба ЕЭФ / Дмитрий Рухлецкий
Ал Москвада өтүп жаткан II Евразиялык экономикалык форумда өнөр жайдагы интеграция менен кооперацияны өнүктүрүүдө бирдиктүү долбоорлорго льготалык каржылоо жетишпей жатканын комиссия түшүнөрүн белгиледи.
Камалян эртең ЕАЭБдин лидерлери эки негизги документке кол коет деп ниеттенип жатканын кошумчалады. Алар:
ЕЭКке кооперациялык долбоорлорду каржылоого ыйгарым укук берүү;
антидепингдик пошлина түрүндө каржылоо булагы.