Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө ачык конкурс жарыяланды

Документтер 29-майга чейин кабыл алынары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө ачык сынак жарыялады.
Маалыматка ылайык, билим берүү жаатындагы жумуш берүүчүлөрдүн жана кесиптик уюмдардын өкүлдөрү үчүн үч адис, ал эми билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү үчүн бир адис жумушка алынат.
Документтер 2023-жылдын 23-майынан 29-майына чейин кабыл алынат.
Толук маалымат алуу үчүн (0312) 62-10-46, 0705155844 номерлери аркылуу байланышып же көрсөтүлгөн шилтемеден таанышууга болот.
Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы адистерди жумушка чакырат