БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортунун маңдайындагы баасы миллион сомго чукулдаган эки аялдаманын курулушу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, аткаминерлер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору менен сүйлөшүп алып курулушчу тараптын эсебине аялдамалар пайдаланууга бериле электе алдын ала 844 миң 100 сом которушкандыгы аныкталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, аткаминерлер кармалды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат. Курулган объектилер боюнча курулуш, техникалык жана башка экспертизалар дайындалган.