Быйыл өлкө экономикасында өсүп жана артка кеткен тармактар айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде 264,5 миллиард сомду түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (51,9 пайыз) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, андан кийин товар өндүрүү (27,7 пайыз) турат. Анткени былтыркыга караганда товардык өндүрүү 3,6 пайызга, кызмат көрсөтүү тармактары 4,8 пайызга өскөн.
Ал эми өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7, айыл чарбасы 0,8, жана курулуш 0,5 пайызга азайган.
Улуттук банк апрелде 87 млн. доллар сатты. Резерв 4 айдан бери бөксөрүп жатат