Атам Исмаил Ибраимов согушта снайпер болуптур. Уулу Амандын эскерген маеги

Улуу Ата Мекендик согушка катышып, мекенди жан аябай коргогон аталарыбыз арабызда саналуу гана калды. Акыркы кезде булардын кан кечкен эрдигине тил тийгизгендер да болуп жатат. Аларды унутууга жана тарыхты бурмалоого акыбыз жок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында конокто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Исмаил Ибраимовдун уулу, Аман Ибраимов болду. Биз ардагердин өмүрү жана фронттогу жолу тууралуу маектештик.
“Ар жылы 9-май биз үчүн чоң майрам. Анткени атабыз Улуу Ата Мекендик согушка толук катышкан”, - дейт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, мугалим Исмаил Ибраимовдун уулу Аман Ибраимов.
— Маекти атаңыздын согушка кантип барып калганынан баштасак...
— Ар жылы 9-май — биз үчүн чоң майрам. Анткени атам Улуу Ата Мекендик согушка толук катышкан. Ал 1924-жылы Талас облусунун Кара-Ой айылында төрөлөт. Анда мектептер 8 жылдык. Атам айылдагы мектепти аяктаган соң башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп калат. 1941-жылы согуш башталып, 1942-жылы 18 жашка толгондон кийин сентябрда Талас райондук аскер комиссариатына чакырылып, ошол жылы Тула шаарындагы Кызыл туулуу 156-аткычтар полкунда кызмат өтөп баштайт. 1943-жылдын аягында Кавказ фронтунда немецтик баскынчыларга каршы согушка катышат. Ошол эле жылдын жай айларында тарыхта "Курскидеги салгылаш" деген ат менен калган кандуу булоонго катышат. Атам ал кезди эскергенде "согуш кыйын, аны айтып отуруу оор, чоң салгылашуу болду" деп койчу эле. Ошол оор апааттан аман калган экен. 1944-1945-жылдары 3-полктун курамында Прибалтика республикаларын, Кёнигсбергди (азыркы Калининград шаары —ред.) бошотконго катышып, жеңишти ошол жерден тосушуптур. 1945-жылы майда Ыраакы Чыгышка, япон согушуна жөнөтүлөт. Ал эми 2-дүйнөлүк согуштун бүткөнүн Чита шаарынан угушат.
— Кандай медаль, ордендери бар эле?
— Көптөгөн медаль, ордендер менен сыйланган. III даражадагы Даңк ордени, Ата Мекендик согуштун II-III даражадагы ордендери, Кёнигсбергди алгандагы ордени жана башка тынчтык заманындагы юбилейлик медалдардын ээси.
— Согуштан кийин эмне менен алектенди?
— Согуштан кийин кайра эле өзү иштеген мектебине кайтып барып, тарых сабагынан 40 жыл (1946-жылдан 1986-жылга чейин) мугалим болуп эмгектенди. Кийин пенсияга чыгып кетти. Апам Жакшылык экөө алты уул, үч кызды тарбиялап өстүрүштү. Баарыбызды окутту. Апабыз эртерээк дүйнөдөн өтүп кетти. Атам 2006-жылы каза болду. Тарыхчы катары кийинки урпактарга 2-дүйнөлүк согуштун маани-маңызын, согуш апаатын көп айтып берди.
— Апаңыз да ошол эле айылданбы?
— Жок, апам коңшу айылдан, азыркы Көпүрө-Базар айыл өкмөтүнөн болчу. Экөө 44 жыл чогуу жашады. Согуш мезгилинде 5-6 жашар кыз болуптур. Таятам да согушка кетип дайынсыз. Кайра кайтпай калган.
— Сиздердин үй-бүлөдөн дагы согушка катышкандар барбы?
— Атамдын улуу агасы Өзбек Ибраимов да фронттон кайтпай калган. Ал кишини 1939-жылы фин согушуна чакырышат. 1940-жылы фин согушу аяктагандан кийин кенже офицерлердин эки жылдык курсуна өзү суранып калып калат. Окуусун бүтө электе эле Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Ал киши Коммунистик партиянын катарына да кириптир. Өз заманынын талабына ылайык жан дили менен кызмат кылган экен. Ошентип кенже лейтенант наамында согушка аттанат. Атам менен кат алышып турган. Кийин архивдик материалдардан тактасак, 1945-жылдын 26-апрелинде Берлинге 60 чакырым жетпей көкүрөгүн ок аралап, оор жараат алып артка, госпиталга алып кетишет. Жеңишке эки жума калганда көз жуумп, жакшы жаңылыкты укпай калыптыр. Каза болгондо гвардиянын ага лейтенанты наамында экен. Кийин мамлекет ал атабыздын эрдигин баалап, айылдагы бир көчөгө ысымын берген. Өзбек атабыздын артынан тукум калбаганы өкүнүчтүү.
— Атаңыздын кулк-мүнөзүн согуш өзгөртө алдыбы?
— Согуштан кийин атам Казакстандын азыркы Тараз шаарында окуп билим алат. Үйлөнүп, 1955-жылы уулдуу болот. Тун уулун 30 жашында көргөн. Кийин 1960-жылдары Ош педагогикалык институтуна тапшырып, 1964-жылы сырттан окуп бүткөн. Атам ак мээнети менен үй-бүлөсүн бакты. Үйдө тартипти бекем сактачу. Баарыбызды эмгекке, тазалыкка жакын өстүрдү. Апам колхоздун талаасында да иштеди. Атам согуштан контузия алып, жаракаттары бар эле. Кан басымы менен жабыркачу. Өзү тың киши болчу. Жүрүш-турушу жакшы эле. Бир гана ушул кан басымынын айынан 82 жашында каза тапты. Мунун баары согуштун кесепети. Тарбия, тартип деп жогоруда белгилеп өтпөдүмбү. Бизге арамдык жакпасын айтчу. "Бирөөнүн бир тыйынын албагыла" дечү. Атам коммунистик доордун жактоочусу эле.
— Согуштагы чоң салгылаштар туурасында айтчу беле?
— Курскидеги салгылашууда алгач атам запастагы жоокер экен. Андан кийин эс алуудан чыгарып апаатка жөнөтүптүр. Согуш талаасында ушундай көп жоокердин кырылганын көрөт. "Күндүн ысыгы укмуш, өлгөндөрдүн курсагы көөп чыгыптыр. Өлүктөрдүн жыты урат, кан, тер аралаш апаат" деп эскерчү. Кёнигсберг немецтердин жалаң таштан курулган шаары экен. Артиллерия менен ала албай же кире албай алты күн курчоого алып, бомбалап отуруп дарбазасын ачтырып кирип, штурм менен алышат. Согуш тууралуу кино көрүп калганда "чыныгы согуш мындай эмес. Бул көркөмдөлүп сценарий менен эле түзүлүптүр. Согуш апаатын кудай ары кылсын" деп калчу.
— 9-Майды кандай майрамдачу?
— Атабыздын көзү барында майрамда баарыбыз ишибизди жыйыштырып алгач атабызга барчу элек. 9-майда жергиликтүү бийлик уюштурган иш-чарага катышып келчү. 2005-жылы Бишкекке өкмөт парадга алып келди. Мен да кошо келдим. Аянтта жакшы өткөрдүк. 2016-жылдан баштап Москвадан архивдик материалдарды алдырып, "Өлбөс полк" жүрүшүнө да катышып калдык. Азыр жолукканда балдары куран окутуп, атабыздын айтканын эскеребиз. Балдарынын баарын бирдей көрчү, "кыз бала үйдөн ыйлап чыкпасын" дечү эле. Кыз бир туугандарын сыйлоону уулдарына айта берчү.
— Архивдик материалдардан кандай маалыматтарды алдыңыздар?
— Ал жерде ар бир жоокердин согуштук өмүр баяны, башкача айтканда, жол картасы тизмектелип жазылган. Кайсы полкто кызмат өтөгөнү, аскер курамы менен берилген. Атам снайпер болуптур. Баскынчыларды жок кылууда 428-катарда турат экен. Согушта снайперлер экиден иштеп, тапшырманы экөөнө бир берчү экен. Атам өнөктөшү экөө 97 баскынчыны жок кылышыптыр. Ал кезде тартип катуу болуп, кинодогудай ар кайсы жерден ата берчү эмес экен. Снайпердин жанында дайыма кенже офицер болуп, бутага алынган душмандын өлгөнүн ал тастыктамайынча эсепке кирчү эмес экен. Снайперликтин өзгөчөлүгү — резервде туруп атайын тапшырма менен гана чыкчубуз дейт. 1946-жылы атабыз согуштан демобилизация болгон. Ал кезде баарын эле коё бере бербептир. Алгач адистиги барларды кетирген. Кичи мекенинен мугалим жетишпей жатканы тууралуу аныктама барганда гана жибериптир. Архивдик материалда да "мектеп мугалими катары демобилизация болду" деп турат. Менимче, 1975-жылга чейин согуштун ардагерлери бааланган эмес. Андан кийин ар бир беш жыл сайын юбилейлик медаль тапшырып турушту. Быйыл 2023-жылы 64 гана согуш ардагери калыптыр.
— Фронттогу досторун эстечү беле?
— Үйдө сүрөттөрү бар татар досу кийин эки жолу келип кетти. Батыштагы эмес, Чыгыштагы майданда чогуу болуптур. Экөө чек арада кызмат кылышкан экен. Досу кийин Алматыда туруп калат. 1974-жылы издеп келип, жолугуп кетти. Биринчи келгенде үч күндөй болуп экөө аябай ынак болушту. Экинчи ирет келгенде көпкө жүрдү. Ал киши согуштан кийин Казакстанда кен жагында иштептир. Атамдан 4-5 жаш улуу эле. Досу да согуштан жараат алып, андан улам ден соолугу жабыркаптыр. Экинчи келгенинде "оордошуп баратам, эми келемби-келбеймби, билбейм. Эки жылда келбесем, "өлдү" деп куран окуп тур" деп кеткен. Кийин келген жок. Атам намаз окуган сайын куран окуп жүрдү. Мугалимдер арасында да мугалим ардагерлерден экөө эле. Алар 23-февраль сайын балдарга согушту эскерип, кыйындыгын айтып беришчү эле. Биздин атабыз Исмаил Ибраимов ушундай адам болгон. Биз, бала-чакасы, небере-чөбөрөлөрү, аны менен сыймыктанабыз.
Чоң атам колго түшкөн фельдмаршал Фридрих Паулюсту кайтарган. Подполковниктин маеги