Бишкекте Айгүл Жапарованын катышуусунда гала-концерт өттү

Президенттин жубайы өлкөдөгү музыка маданиятынын азыркы абалы менен жакындан таанышканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Виват, рояль!" аталышындагы гала-концерт өтүп, ага биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Виват, рояль!" аталышындагы гала-концерт өтүп, ага биринчи айым Айгүл Жапарова катышты

2 / 2

Президенттин жубайы куттуктоо сөзүндө концертке даярдануунун алкагында өлкөдөгү бул жааттагы абал менен жакындан таанышканын айткан.

Президенттин жубайы куттуктоо сөзүндө концертке даярдануунун алкагында өлкөдөгү бул жааттагы абал менен жакындан таанышканын айткан.
"Биздин музыканттар Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ, таланттуу, жогорку деңгээлдеги профессионалдар экенин баамдоо мени кубандырат. Алар оркестрлерде ойношот, мугалимдик ишмердүүлүк менен алектенишет, ал эми берген концерттери ийгилик менен коштолот", — деген Жапарова.
Ошондой эле ал кыргыз элинин бай маданий жана музыкалык мурасы тууралуу айтып, аны сактоо жана байытуу милдетибиз экенин белгилеген.
"Классикалык концерттерибиз ичи толо залдарда өтүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратып жатканы менен сыймыктансак болот", — деген биринчи айым.
Иш-чара фортепиано искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу максатын көздөгөн. Анда пианисттер көрүүчүлөргө дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын, анын ичинде дүйнөнүн алдыңкы аткаруучуларынын жана белгилүү кыргыз композиторлорунун тандалмаларын тартуулашкан.
Концертти Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби биргелешип уюштурган.
"Кыргызстан орус сүрөтчүлөрүнүн көзү менен". Бишкекте көргөзмө өтөт