Бишкекте "Евразиялык билимдин" V эл аралык көргөзмөсү өттү

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкекте "Евразиялык билимдин" V эл аралык көргөзмөсү өттү.
Анда мектеп окуучуларына жана абитуриенттерге билим берүү программалары жөнүндө маалыматтар берилип, кабыл алуунун шарттары түшүндүрүлдү.
Иш-чара Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Россотрудничествонун, Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өттү.
"Соңку жылдары Россиядагы жогорку окуу жайларда кыргызстандыктар үчүн орундар көбөйүп, быйыл 700гө жетти. Кыргызстандык мектеп окуучуларынын россиялыктарга салыштырмалуу РФ окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү жогору, себеби жеңилдиктер көбүрөөк", — деди Евразия кызматташтык уюмунун өкүлү Дмитрий Данилов.
Көргөзмө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү.
Россиялык мугалим Каныбек Иманалиевдин алдында ачык сабак өттү