Бир нече аймакта судьялар көбөйтүлдү. Президент мыйзамга кол койду

Мыйзам бир ай мурун ЖК тарабынан кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "КРдин жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мыйзам быйыл 6-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен судьялардын штаттык саны Бишкекте сегизден үч орунга чейин, Чүйдө бештен экиге, Ошто үчтөн экиге, Жалал-Абадда үчтөн экиге чейин кыскартылган.
Бирок аталган аймактардагы судьялардын штаттык саны жалпы юрисдикциядагы соттордогу судьялардын штаттык санын кыскартуу менен көбөйтүлгөн:
1.
Бишкек шаарынын административдик соту 3 штаттык бирдиктен 5 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, анын карамагына Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунан 2 штаттык бирдик берилген;
2.
Чүй облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 4 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук сотторунан 1 штаттык бирдиктен берилген;
3.
Ош облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Кара-Суу райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген;
4.
Жалал-Абад облусунун административдик соту 2 штаттык бирдиктен 3 штаттык бирдикке чейин көбөйтүлүп, аталган облустун Базар-Коргон райондук сотунан 1 штаттык бирдик берилген.
Садыр Жапаров бир нече судьяны иштен бошотту